Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн жоопкерчилик аны даярдаган Конституциялык кеңешмеде болот. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде белгиледи. Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү да жоопкерчиликтен качпай турганын билдиришти.
Эске салсак Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 98 кишиден турган Конституциялык кеңешме үч секцияга бөлүнүп алып, бир айга жакын даярдаган.