“Кумтөр” алтын кенинин ишмердигин текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия өз ишин улантууда. Комиссия мүчөлөрү күн мурун Кумтөр кенине барып, анын ишмердиги, анын ичинен экологиялык жана экономикалык маселелери менен жеринде таанышып келди.
Мамлекеттик комиссияга парламент депутаттары, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери жана көз карандысыз эксперттер кирген. Комиссия эки айдын аралыгында жыйынтык чыгарып, анда аныкталган маселелерди президенттин, парламенттин жана өкмөттүн кароосуна киргизип, тиешелүү чечим кабыл алынышы керек. Жеринен кабарчыбыз Самат Асипов баяндайт.