Жаңылыктар
Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен Таластагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышты
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен Таластагы "Жер-Үй" алтын иштетүү фабрикасын ачышты

Талас облусундагы "Жер-Үй" кенинин алтын иштетүүчү комбинаты расмий түрдө ишин баштады. Өндүрүшкө старт берүү иш-чарасына президент Садыр Жапаров жеринен, Орусия президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышты. 

Жерүй кениндеги алтынды ылгап ала турган өндүрүштүн курулушу мындан төрт жыл мурда башталган. Миңден ашуун кыргызстандык жана россиялык куруучу адистер иштеди. Каражат салган шериктеш өлкөнүн инвесторлору өндүрүштү ишке бергенге чейин 400 млн долларга жакын капиталды өздөштүрүштү. Жалпы долбоор боюнча 600 млн. доллар инвестиция салынат.