Нарын облусунан 35 кишиден турган делегация Өзбекстандын Фергана облусуна барат. Анда эки өлкөнүн дубандарынын ортосунда бир катар тармактар боюнча кызматташуулардын багыты аныкталат. Бул боюнча биздин каналга Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашымбаев билдирди.
Эки өлкөнүн дубандары кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнү көздөөдө. Ферганалыктар Нарынга жүн менен терини кайра иштетүүчү завод куруу сунушун билдиришкен. Эки тарап тең туризмге өзгөчө басым жасоону далалат кылышууда. Бул алака Нарын облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында ишке ашууда.