Жаңылыктар
Өлкөнүн айыл-чарба өндүрүүчүлөрү күйүүчү-майлоочу майлар менен 60% ашуун камсыздалган
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн айыл-чарба өндүрүүчүлөрү күйүүчү-майлоочу майлар менен 60% ашуун камсыздалган

2021-жылдагы  жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө республика боюнча жалпысынан 39,1 миң тонна күйүүчү-майлоочу материалдар керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 60,0%га камсыздалган. 

Күйүүчү майлоочу материалдарга болгон орточо баалар түштүк аймакта – 42,0-45,3 сом/литри, түндүктө  39,9-40,9 сом/литри болууда. 

Республиканын айыл-чарба товар өндүрүүчүлөрүн күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо максатында 2021-жылдын 13-январында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүү Келишимине  кол коюлган.

Келишимдин шарты боюнча, айыл-чарба техникасынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо максатында Нефтетрейдерлер ассоциациясына  нефтебазаларда жана май куйуучу станцияларда күйүүчү-майлоочу материалдардын тийиштүү көлөмөдө топтоп, май куйуучу жайларда камсыз кылышы жүктөлгөн. 

Бүгүнкү күнгө карата нефтебазаларда жана май куючу жайларда 23,2 миң тонна дизель отуну бар.  

Жалпысынан республикада  күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча абал туруктуу жана тартыштык күтүлбөйт.