Жаңылыктар
Бишкекте психоактивдүү заттарды сатууга шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте психоактивдүү заттарды сатууга шектүү жаран кармалды

Бишкекте психоактивдүү заттарды социалдык тармак аркылуу сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. 

Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, баңгизаттарды сатуу каналын түзүп алган жак аныкталган. Ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Россиянын жараны кармалган. Шектүүнүн ижарага алынган батирин тинтүү учурунда кызгылт-сары түстөгү белгисиз дары-дармектер, тамеки түрүндөгү жабдуулар жана түтүктөр табылган. 

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, ал 41 граммды түзгөн жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.