Жаңылыктар
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоору талкууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоору талкууланды

Биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей, концепциянын долбоору толукталып иштелип чыгышы керек, анда көрсөтүлгөн бардык иш-чараларды жүзөгө ашырууга басым жасалышы зарыл. Концепцияда бала бакчадан тарта адамдын бүтүндөй жашоосун камтыган руханий багыттамалар тутумун түзүүгө арналган көлөмдүү улуттук милдеттер каралууга тийиш. Концепциянын бардык компоненттери теориялык жоболорду гана эмес, практикалык сунуштамаларды да камтышы керек, - дейт Биринчи вице-премьер-министр. 

Концепция кагаз жүзүндө калбастан, иш жүзүндө коомдук адеп-ахлакка, жарандык аң-сезимге, адамдын адамга карата мамилесине оңдуу таасирин тийгизиши керек. Талкуунун жыйынтыгы боюнча концепциянын долбоорун толуктап иштеп чыгуу чечими кабыл алынды, мында анын эксперттик колдоосун жана дараметин кеңейтүү менен коомдук талкууга алынышы зарыл. Президенттин кол коюлган Жарлыгына ылайык, Өкмөткө инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепциянын долбоорун иштеп чыгуу жана коомчулуктун кароосуна киргизүү тапшырылган.