Жаңылыктар
Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус 55 адамдан табылып, 1 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус 55 адамдан табылып, 1 адам каза болду

Кыргызстанда акыркы бир күндө коронавирус 55 адамдан табылып, 1 адам каза болду. Көз жумган киши Чүй облусунда жашаган. 

Ошондой эле, соңку бир сутка ичинде 4миң 95 кишинин коронавируска карата ПЧР анализи изилденди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле маалда соңку суткада 56 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 87 миң 45 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 980 киши айыгып чыкса, 1 миң 485 адам каза болду.