Жаңылыктар
Кыргызстандан Түркияга жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандан Түркияга жаңы аба каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыргызстандан Түркияга жаңы каттамдарды ачуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, учурда компания бир катар ири эл аралык авиакомпаниялар менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Анын алкагында, "Манас" эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен “Turkish Airlines”, “Turkish Cargo» компанияларынын жетекчилери жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "Turkish Airlines" авиакомпаниясынын Стамбул - Бишкек - Ош - Стамбул багыты боюнча жаңы туруктуу каттамды аткарууга даярдыгы жөнүндө макулдашууларга жетишилди. Бул Стамбулга түз аба каттамдарын жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Ошондой эле тараптар жай айына чейин Стамбул менен Анталиядан Бишкекке кошумча аба каттамдарын ачууну макулдашышты. Кыргызстанга жүк ташууну өнүктүрүүгө даярдык жөнүндө стратегиялык келишим да түзүлдү.