Жаңылыктар
Бишкек - Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат

Бишкек - Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 16-марттан он сегизине чейин тоолуу аймактарда, Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында кар жаашы күтүлөт. 

Буга байланыштуу жол кырсыктарын алдын алуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бүгүн эртең мененки саат алтыдан кечки саат онго чейин Бишкек - Ош унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Башкармалык айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.