Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.

Садыр Жапаров Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Ошондой эле Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов да монументке гүл коюшту.