Жаңылыктар
Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү боюнча жаңы маалыматтар ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү боюнча жаңы маалыматтар ачылды

Кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун ишмердүүлүгү боюнча жаңы маалыматтар ачылды. Бул тууралуу Жусуп Абдрах­ма­новдун туул­ган күнү­нүн 120 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияда маалым болгонун Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун өкүлдөрү кабарлашты. 

12-мартта өткөн эл аралык илимий конференцияга 34төн ашык илимий макала даярдалган. Бардык баяндамалар жана макалалар терең жана өзгөчө мааниге ээ. Андан тышкары, конференцияда мурда коомчулук үчүн жеткиликтүү болбогон Абдрахмановдун ишмердүүлүгүнүн жаңы фактылары айтылган. Кыргыздын биринчи дипломатынын ишмердүүлүгү осмон мамлекеттик ишмери Мустафа Кемаль Ататүрк менен салыштырылган. Алар экөө тең мамлекеттүүлүктү түзүүнүн булагы болушканы айтылган. 

Иш-чаранын жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынып, 12 пункттан турган сунуштар иштелип чыккан. Анда Жусуп Абдрахмановго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу, Бишкек шаарына эстелигин орнотуу, студенттер арасында ар кандай сынактарды уюштуруу сыяктуу маселелер бар. Ал эми Жусуп Абдрахманов тууралуу ишмердүулүгүнүн жаңы фактылары ал жөнүндө тартыла турган тарыхый-документалдуу тасмага камтылат.

“Окумуштуулар мамлекеттик ишмердин үй-бүлөсү, иши, Ж.Абдрахмановдун 1930-жылы иш сапары менен Персияга баргандыгы тууралуу маалымат беришти. Ал кыргыздан чыккан биринчи дипломат. Окумуштуулар Ж.Абдрахманов менен осмон мамлекеттик ишмери Мустафа Кемаль Ататюркту салыштырышып, алардын ортосундагы көптөгөн окшоштуктарды аныкташты. Алар экөө тең мамлекеттүүлүк түзүүнүн булагы болушуп, өздөрүнүн өлкөлөрүнүн экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошушкан. Тилекке каршы Ататюркту дүйнө жүзү билет, ал эми Абдрахмановдун белгилүүлүгү КМШ өлкөлөрү менен чектелет”,- деди Эл аралык Кувейт университетинин билим берүү жана уюштуруу иштери боюнча координатору Таалайбек Мамбетов.