Жаңылыктар
Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы негизги артыкчылыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы негизги артыкчылыктар

Аракеттеги Баш мыйзамдан Конституциянын жаңы долбоорундагы негизги артыкчылыктын бири - аткаруу бийлигинин башына Президенттин келе турганы. Демек бардык жоопкерчилик мамлекет башчысында болот - дейт талдоочулар. 

Учурда жарандар жоопкерчиликтүү бийликти талап кылууда. Мындан улам элдин талабы менен Конституциялык реформаны ишке ашыруу. Максат - адам укугу урматталган, тартип менен мыйзам катуу сакталган, сөз жана ой эркиндиги чектелбеген социалдык, экономикалык жактан өнүккөн мамлекетке айлануу.