Жаңылыктар
Кум шекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кум шекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда

Кум шекер жана өсүмдүк майынын баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоору каралууда. Учурда ири соода түйүндөрүндө негизсиз бааны көтөрбөө, азык-түлүктүн корун ар дайым камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын бузбоо сыяктуу бир катар талаптар коюлду. Бүгүнкү күндө Экономика жана финансы министрлиги тарабынан тийиштүү долбоор даярдалып, айрым азык-түлүктүн баасын турукташтыруу үчүн көзөмөлдөө чаралары көрүлүүдө.

Өлкөдө кум шекер, өсүмдүк майы, эт жана жумуртканын баасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла жогорулады. Күнүмдүк колдонулган айрым тамак-аштын баасынын көтөрүлүшүнө биринчи кезекте, коронавирус пандемиясы себеп экени белгилүү. Учурда өкмөт айрым азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу боюнча токтом долбоорун карап жатат. Ошол эле учурда, керектелүүчү азыктардын наркынын мындан ары өсүшүн алдын алуу иштери улантылууда.

Өлкөдө азык-түлүктөн тышкары, күйүүчү-майлоочу майдын наркы да кескин өстү. Себеби Кыргызстан күйүүчү майды импорттоого көз каранды. Пандемия маалында мунайдын баасы 30 долларга жогорулады. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматы боюнча, АИ 92 бензининин бир литри Кыргызстанда 43 сом 50 тыйындан, Казакстанда 32 сомдон, Орусияда 51 сом 60 тыйындан, ал эми Беларуста 57 сом 60 тыйын турат. Майдын баасынын көтөрүлүшүн алдын алуу жана туруктуу баада кармоо боюнча өтүнүчтөр мунай сатуучуларга да айтылды.