Эртең, 17-мартта Талас облусунда Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот.
Иш-чарага Президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин теле-көпүрө аркылуу катышат.
Белгилей кетсек, алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда алтынды кайра иштетүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин Кыргызстандын аймагында тазаланат.
Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыкка ээ болот.