Өкмөт башчы Улукбек Марипов, IT EXPO «Connect. KG» көргөзмөсүн видеоконференция аркылуу ачты. Санарип технологиялар - экономикалык өсүш, мамлекеттик башкаруу, кызматтардын сапаты, ишкердик кылууда кеңири жайылган.
Технология экономиканын салттуу секторуна айланып, өндүрүштүн өрүш алуусуна жол ачканы белгиленди. Заманбап санариптик инфратүзүм - мамлекет менен жеке сектор ортосунда жаңы платформаны түзүүдө. Өлкө жетекчилиги тарабынан орто жана ири багыттагы стратегиялык документтерди кабыл алууда, бул тармак приоритеттүү орунду ээлейт. Биздин Жогорку технологиялар паркы жаш ишкерлер үчүн мыкты платформа. Гугл, Оракл, Амазон, Кибертек, Твиттер сыяктуу эл аралык ири корпорацияларда, программалык камсыздоо жаатында иштеген улан-кыздардын ийлиги кубандырат, - деди өкмөт башчы. Жогорку технологиялар паркынын резиденттери 15 жыл салык, камсыздандыруу төлөмдөрүнөн бошотулган.
Бүгүнкү күндө аталган Парк дүйнөнүн 30 мамлекетине түрдүү кызматтарды экспорттойт. Иш-чаранын башкы максаты - конкреттүү жыйынтыкка жетишип, айти секторуна эл аралык ири компаниялардын көңүлүн буруу, чет элдик компаниялар менен пайдалуу келишимдерге жетишүү болду. Эскерте кетсек, дүйнө бурчунан чогулган алдыңкы ишкерлер, консультанттар, айти-индустриясында мыкты делген эксперттердин катышуусундагы иш-чара Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.