Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылып, бир киши каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылып, бир киши каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 73 адамдан табылып, бирөө каза болду. Каза болгон адам Чүй облусунун тургуну. 

Республикалык штабдан билдиришкендей, оору аныкталгандардын эң көбү Бишкек, Чүйдө. Ошондой эле Ош шаары, Ош облусу, Ысык-Көл, Баткен, Нарын облусунда коронавирус табылды. Ал эми бир сутка ичинде 49 адам коронавирустан айыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 337 бейтап, амбулатордук түрдө 307 адам дарыланууда.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 86 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 924 киши айыгып чыкса, 1 миң 484 адам каза болду.