Жаңылыктар
Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды (видео)

«Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан Кыргызстандын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ирактан атайын борт учуп келди. Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара. Кайтаруу боюнча олуттуу даярдык көрүү иш-чараларынын комплексинин алкагында, Ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 2021-жылдын февраль айынын аягында Иракка гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, өкмөттүн жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн. 

Балдарды кайтаруу өлкөбүздүн жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында, өкмөттүн координациялоосунун астында, Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жааттарындагы мамлекеттик органдарынын жана Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин ведомстволор аралык өз ара ырааттуу аракеттенүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Балдарды мекенине кайтаруу иш-чаралар алгоритминин бир бөлүгү болуп саналып, ага ылайык балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш.

Балдарды алып келүү алардын Иракта калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй-бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген Кыргызстандагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды. Мекенине кайтарылган балдарга өкмөт тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт.