"Урматтуу достор бизде жакшы кабар. Көптөн бери аракет кылган мээнетибиз жанды. Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда элчи мырза Катар мамлекетинин өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдууланган жаңы имаратынын курулушуна багытталган 9 млн 240 миң АКШ доллар каржылоого бөлүнгөнүн билдирди",- деп белгилүү ортопед, Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков фейсбукка жазды.
Ошондой эле бул бөлүнгөн каражат насыя эмес экендигин, 100 пайыз грант түрүндө кайтарымсыз берилгендигин билдирди. Жолугушуу учурунда Элчи мырза борбордогу курулушту жүргүзүү аянтын көрүп, курулуш иштери тез башталганы абдан жакшы болоорун маалымдоо менен, Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин айтып кетти. Катар тараптын өтүнүчү менен тендер маселеси Элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулуштун аягына чейин өздөрү толугу менен көзөмөлгө алышмакчы.
Сабырбек Жумабеков жер тилкеси, документтер жана кагаз иштери мэрия тарабынан чечиле турганын кошумчалады.