Жайыл районунда 15-март күнү саат 10:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 207-чакырымдарында жалпы көлөмү 3660 м3 кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кар көчкүдөн жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине №9 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 12:00дө унаа жол толугу менен тазаланып ачылган.