Жаңылыктар
Баткен облусунун район башчылары жана орун басарлары аттестациядан өтүшүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен облусунун район башчылары жана орун басарлары аттестациядан өтүшүүдө

15-марттан тарта Баткен облусунун район башчылары жана алардын орун басарлары аттестациядан өтүп жатат. Президенттин "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатат. 

Аттестациялоо 3 этаптан туруп, аким жана алардын орун басарларынын ишмердиги, жалпы мыйзамдарды билүүгө жана маанилүү жеке сапаттарды аныктоого компьютердик тестирлөө өткөрүлөт. Акыркы этапта комиссиянын баарлашуусунан өтүшөт. Аттестациянын жыйынтыгы менен аким жана орун басарлардын кызмат ордуна шайкештиги боюнча атайын комиссия тиешелүү чечим кабыл алат.

"Ошол комиссия 3 чечим чыгарат. Кызмат ордуна шайкеш келет жогорулатууга сунушталат. Кызмат ордуна шайкеш келет. Анан кызмат ордуна шайкеш келбейт деген 3 чечим чыгат. Анан ошол чечимди ар бир талапкердин жообуна, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен чыгарат. Анан ошого өкмөт чечим кабыл алышы керек",- деди Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Калыбек Алышбаев.