Мамлекеттик жана маданий ишмер Акун Токтосартов көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Ал Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин борбордук аппаратында, андан соң Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүндө иштеген.
Өлкө эгемендик алганга чейин Кыргыз ССРинин Маданият министринин биринчи орун басары, Маданият министри болуп эмгектенген. Чыгармачыл инсан котормочулук, журналисттик кесипти да аркалап бир катар макалалары түрдүү гезит-журналдарга жарык көргөн. Акун Токтосартовдун жетекчилиги астында «Руханият» деген ат менен көлөмдүү китеп басмадан чыккан.
Мамлекетке сиңирген эмгеги бааланып, СССРдин «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Манас-1000» медалдары менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамын алган. Аны эскерүүгө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, маданият тармагындагы иштеген жакын санаалаштары жана туугандары катышты.