Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү кармалды.
Ал милициянын катарынан паракорлордон, өз кызыкчылыктарын көздөп мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандарды аныктоо иш-чарасынын алкагында колго түшүрүлдү. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ошондой эле экинчи шектүү - Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисин кармоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.