Камбарата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-өзбек келишиминин алкагында жумушчу топ өз ишин баштады. Буга чейин Президент мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барганда эки өлкө ортосунда энергетикалык багытта кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган. Андан кийин Өзбекстандан атайын жумушчу топ келип, учурда сүйлөшүүлөр уланууда. Сапардын алкагындагы макулдашууларга ылайык, тараптар 50гө жакын долбоорлорду ишке ашырат.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки мамлекет бири-бирине электр энергиясын берүү боюнча макулдашты. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү минималдык нормадан да ылдый болгондукта, келерки жылга чейин жарык берүүдө көйгөй болбой тургандай аракеттер жасалууда.
Мындан сырткары өзбек тарап Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга макулдугун берди. Бир нече жыл мурда Кыргызстан эң чоң кубаттуулуктагы Камбар-Ата 1 ГЭСин курууну пландаганы менен каражаттын жокутугунан ишке ашпай келет. План боюнча кубаттуулугу 1860 МВт болуп, жылына 5 млрд кВт/с электр энергиясын өндүрмөк. Ал ишке кирсе Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандылыктан чыгып, экспортко да мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Учурда ага кеткен жол жарым-жартылай бүткөн бойдон иш токтоп турат. Долбоордун суммасы 2,9 млрд долларга бааланып, толук куруп бүтүрүүгө 8 жылдай убакыт керектелет.
Акыркы жылдары өлкөдө кошумча кубаттуулуктагы гидро электр станцияларды куруу муктаждыгы турат. Эгерде пландалган ири долбоорлор ишке ашса жылдык керектөө толук камсыздалып, кошуна мамлекеттерге сатууга да шарт түзүлөт.