Баткен районунун Самаркандек айылында УКМК төрагасы чек ара маселелери, аткезчилик боюнча жергиликтүүлөрдүн пикирин укту. Жыйында Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт койчу, укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын айтты. Эске салсак, 11-мартта Самаркандек айылында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери аткезчиликке каршы ыкчам тергөө иш-чараларын аткарып жаткан учурда 20дан ашуун жергиликтүү адамдар контрабандалык жүктүн кармалышына каршылык көрсөтүп, курал колдонушканы маалымдалган.
Самаркандек айылында жергиликтүүлөр менен жолуккан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин белгиледи.
Ошол эле учурда чек аранын такталбаганынан кулач жайган аткезчиликке да толугу менен бөгөт коюларын баса белгиледи. Бул үчүн атайын кызматтын өкүлдөрү күнү-түнү иштеп жатканын айткан Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн катаал чара көрүлөрүн эскертти.
Андан соң жыйын жергиликтүүлөрдөн берилген суроолоруна жооп иретинде уланды. Жыйынга келгендер негизинен чек аранын эртерээк чечилишин суранышты.
УКМК төрагасы Баткенден ары Тажикстандын Ходжент шаарына кетет. Ал жакта кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясы эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны өтөт.