Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселесин үч айда чечүүгө даярбыз. Бул тууралуу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кыргыз лидеринин Ташкентке болгон мамлекеттик сапары маалында билдирди. Ошондой эле тараптар ортодогу чек ара өткөрүү жайларын ачууга макулдашышты. Бул тууралуу Амантур Шергазиев.
Кыргыз-өзбек чек арасы 1388 чакырымга созулат, алардын 1170 чакырымы такталган. 2017-жылдын сентябрында кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча макулдашуу келишимине кол коюлган. Ушул тапта макулдашылбаган 10 чек ара тилкеси бар.
Президент Садыр Жапаровдун өткөн аптада Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапары алкагында ортодогу чек араны тактоо жана чек ара өткөрүү жайларын ачып, жергиликтүү тургундарга шарт түзүү күн тартибиндеги негизги маселе болду. Өлкө башчылары тактала элек калган он беш пайыз чек араны аныктап, бекитүү тапшырмасын коюшту.
Өз кезегинде өзбек лидери да ортодогу көйгөйлөрдү, айрыкча чек ара маселесин чечүүгө мезгил келип жеткенин билдирди. Лидерлердин сүйлөшүүсүндө бул маселеде орток пикирге жетишилгенин айтып, кайсы тарап кандай ишти аткарары белгиленип, алтургай мөөнөттөрү аныкталганына токтолду.
Өлкө президенттеринин сүйлөшүүсүндө чектеш жайгашкан аймактардагы чек ара өткөрүү пункттарын ачып, жергиликтүү тургундардын кирип-чыгуусуна, өз ара алакасына ыңгайлуу шарт түзүү чаралары кабыл алынды. Социалдык түйүндөрдө айтылып жаткандай мамлекет башчылардын сүйлөшүүсүндө коридор берүү маселеси каралган эмес.
Адистердин пикиринде чек ара өткөрүү жайларын ачуу жергиликтүү тургундардын көптөн күткөн мүдөөсү болгон. Коңшулар менен узак жылдар бою ынак байланышта, эркин кирип-чыгып жашаган жергиликтүүлөрдүн түйшүгү жеңилдеди.
Белгилей кетсек мамлекеттик сапар алкагында коңшу жайгашкан облустар ортосунда да келишим түзүлүп, алар бирге өнүгүү жол картасын аныкташты. Маселен, Баткен облусу менен коңшу өлкөнүн Фергана облусу ортосунда өз ара аракеттенүү, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлду. Анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо багыты бар.