Кыргызстан менен Россиянын билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча бир катар келишимдерге кол коюлду. Анда мектептерди куруу, тажрыйба алмашуу сыяктуу пункттар камтылган. Аларды ишке ашыруу боюнча жумушчу топ да түзүлдү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовдун жолугушуусунда белгилүү болду.
Россиянын Агартуу министри Сергей Кравцов баштаган делегация Кыргызстанда үч күндөн бери иш алып барууда. Борбор калаада Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда 8 пункттан турган келишимге кол коюлду.
Келишимге ылайык, мектептерди куруу, эки өлкөнүн билим берүү жаатында тажрыйба алмашууну күчөтүү, мектептерге орусиялык мугалимдерди тартуу программасын кеңейтүү сыяктуу биргелешкен биринчи кезектеги иш-чаралар планы бекитилди. Бул эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу болуп саналат.
Жолугушууда мындан ары да «Чет жактагы орусиялык мугалим» долбоорунун алкагында Россиянын мугалимдерин Кыргызстандын мектептерине ыктыярчы катары жөнөтүү иши улантылары айтылды. Белгилей кетсек, ушул тапта Ош шаарында орусиянын 29 орус тилчи мугалими эмгектенүүдө.
Кыргызстандын педагогикалык жогорку окуу жайларынын эң мыкты бүтүрүүчүлөрүн Россиянын мектептеринде педагогикалык практикадан өткөрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушу да айтылды. Ошондой эле Россия тарап эл аралык “Артек” балдар борборуна 150 орундук жолдомо тапшырды.