Жаңылыктар
Тоо-кен тармагын өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен тармагын өнүктүрүү

Эртең "Жерүй" кенинин рудасынан алтын алуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы болот. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров жеринде, ал эми Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, теле-көпүрө аркылуу катышат. Аталган комбинат республиканын тоо-кен өндүрүшүндөгү ири ишканалардын бири болмокчу. Ага Россия тарап капитал салып, ишин баштап жатат.

Жерүй - Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 тоннага чукул алтын бар экени айтылат. Кенди иштетүү укугу 2015-жылы Орусиялык ишканага берилген. Алар алтынды жеринде өндүрүү үчүн атайын комбинат куруп, эртең өндүрүшкө старт берилет.

Эске салсак, ишкана октябрдагы саясий толкундоолордо мыйзамсыз баскынга кабылып, ишин токтоткон болчу. Өкмөт инвестор менен, жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, иш кайрадан жанданган. Эми алтынды ылгап ала турчу өндүрүш ишке кирсе жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү жана республикалык казынага салык түшө баштайт.

Ушуга окшогон эле дагы эки алтын кени түштүк аймакта бар. Чаткал районундагы «Эти-Бакыр-Терексай» кенинде калдык сактоочу жай курулуп жатса, казакстандык инвесторлор Бозымчак кенин иштетип жатат. Кен чыккан бул эки аймакта да октябрь айында иш токтогон болчу. Ошол маалда өкмөттү жетектеп жаткан, Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жеринен таанышып, инвесторлор менен жолугуп өндүрүштү жолго коюу тапшырмасын койгон.

Өлкө башчысы жаңырган жылдын январь айынын аягында кол койгон жарлыкта да кен казуу тармагын реформа кылуу маселелери көрсөтүлдү. Анын ичинде лицензия берүү жол жоболорун тактап, тоо-кен тармагындагы мыйзамдарды кайра карап чыгып, инвесторлорго шарт түзүү чаралары көрсөтүлгөн. Көп учурда инвесторлор менен жергиликтүү тургундар ортосунда маселе жаралып келет.

Президент чет өлкөлөргө болгон мамлекеттик сапарларында да ал жактын ишкерлерин Кыргызстандагы тоо кен тармагына каражат салып, ишкерлик баштоого чакырып жатат. Инвесторлор дагы биздин кендерди иштетүүгө кызыкдар. Бирок, биз тараптан коюлган негизги талап өлкө кызыкчылыгы эске алынып, жергиликтүү эл менен конфликт болбой, экологиялык стандарттардын сакталуусу.