Катуу жааган кар жана тоңгон музду жолдон тазалоо үчүн Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк, Көкбел, Чапчыма ашууларына жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолуна атайын техникалар менен жумушчулар бөлүндү. Бул туурасында Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги билдирди.
Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында унааларды коопсуз өткөрүү үчүн инерттик материалдар себилип, жол тазалоо иштери жүрүп жатат. Адистер алыс жолго чыккан айдоочулар аба ырайын эске алуу менен чынжырчаларын алып, каршы тилкеге чыгып кетпөөгө жана тайгалакка каршы инерттик материалдарды чачуу учурунда тоскоолдук жаратпоого чакырат. Жайкы дөңгөлөктөр менен ашууга барбоону жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертет.