Кыргызстанда бир суткада коронавирус 67 адамдан табылып, экөө каза тапты. Каза болгондор Бишкектин тургундары болушкан. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирусту жуктургандардын эң көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Баткен жана Талас, Нарын облустарында коронавируска кабылгандар жок. Ал эми бир сутка ичинде 39 адам коронавирустан айыкты.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 345 бейтап, амбулатордук түрдө 275 адам дарыланууда. Ал эми медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган бир учур катталды.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 86 миң 917 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 875 киши айыгып чыкса, 1 миң 483 адам каза болду.