Жаңылыктар
Бишкек - Москва багыты боюнча аба каттамы көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Москва багыты боюнча аба каттамы көбөйдү

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги Москва - Бишкек - Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирди. 

Жарандык авиация агенттиги Россиянын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 3-марттан баштап Москва - Бишкек - Москва каттамын аныктады. Анда “Аэрофлот” авиакомпаниясы менен жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет, “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы аркылуу шейшемби күндөрү 1 ирет, “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы менен шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет учактар каттайт.

Россияга багыт алган башка каттамдар чартердик болуп саналат.