Бүгүн тажик тарап менен чек ара боюнча кезектеги жолугушуу башталат. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Өзбекстандын атайын кызматынын башчысы Абдусалом Азизов менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча бүгүнкү жолугушуусу жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт.
Мекемеден билдиришкендей, 15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги отуруму болот.
Кыргыз делегациясын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагасы, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектейт, ал эми Тажик тараптан ушундай эле комиссияны Тажикстандын коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов баштап келет.
Бул дагы алардын атайын кызматтарынын башчылары катарындагы биринчи жолугушуусу, ошондуктан, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында, Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттери биргелешкен иш-аракетинин башка актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ичинде ар кандай тышкы чакырыктарга жана эки мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген сырткы коркунучтарга биргелешип каршы туруу пландаштырылууда.