Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Табыйгаттагы өзгөрүү 14-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:17де сезилген. 

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Туура-Суу, Бөкөнбаев, Темир-Канат айылдарында – 3,5 балл, Төрт-Күл, Кажы-Сай, Тоң, Көк-Сай, Эшперов, Тогуз-Булак айылдарында – 3 балл, Коңур-Өлөң, Ак-Сай, Тосор, Тамгада – 2,5 баллга чейин болгон.