Республика боюнча күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы бир айда 11,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензинине жана дизель күйүүчү майына жүргүзүлгөн орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыгынын негизинде, 11-мартка карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 42 сом 63 тыйынды түзгөнүн жана өткөн жылдын февраль айынын ушул күнүнө салыштырмалуу 11,5 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 40 сом 87 тыйын болуп, 7,2 пайызга жогорулаган.
Дизелдин баасынын максималдуу өсүшү 2021-жылдын 11-мартына карата өткөн ай менен салыштырмалуу Кара-Балтада 12,8 пайызга, Баткен шаарында12,5 пайызгы жана Покровка айылында 11,3 пайызга өскөнү катталды.