Жаңылыктар
БШК: 11-апрель күнү 7 миң 560 мандат үчүн 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
БШК: 11-апрель күнү 7 миң 560 мандат үчүн 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт

Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга ниеттенгендердин саны 19 миң 140 адамга жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. 

11-апрель күнү 7 миң 560 мандат үчүн 420 айылдык кеңешке шайлоо өтөт. БШК бул ирет аялдарга 30 пайыздык квота берүү мыйзамы колдонула турганын белгиледи. Анын алкагында 2 миң 943 мандат аялдарга берилиши шарт. Ошону менен бирге алгачкы жолу талапкерден орто билими, 1000 сомдук шайлоо күрөөсү талап кылынат. 

Айылдык кеңештин депутаты болууга камынгандардын 63ү саясий партиялар тарабынан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн. Шайлоого катышууга арыз берүү 11-мартта аяктады. Алардын документтери мыйзамдарга дал келерин Аймактык шайлоо комиссиялары текшерип, 22-мартка чейин талапкер катары каттайт. Андан соң үгүт иштери башталат.