Быйылкы орозо 13үнчү же 14-апрелге туш келери болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Муфтият орозонун башталышынын так күнү жакын калганда айтыларын белгиледи. Рамазан айы Ай жаңыргандан тарта башталат. Себеби, ай календары Григорян календарына караганда 11 күнгө кыска. Буга байланыштуу орозо жыл сайын өткөн жылга салыштырмалуу 11 күнгө эрте башталат. Былтыр кыргызстандыктар 24-апрелден тарта ооз бекиткен.