Жаңылыктар
Базар-Коргон районунда курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргон районунда курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-аракетинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Бул тууралуу УКМКнын сөз кызматы билдирди. 

2021-жылдын 13-мартында кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган.

Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.