Бангизаттарды жана курал жарактарды мыйзамсыз сакталган фактысын бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен облусунун Баткен районунан, курал жарактар жана ок-дарылар сакталган жер табылып алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 11-мартында жашырылган жерден мылтыктын 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги 37 даана ок, жана ошондой эле тангакталган белгисиз заттар, жалпы салмагы 250 грамдан ашык марихуана спецификалык жыты бар заттар табылып алынды.
Бул материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки ондүрүш ишине катталды. Табылып алынган заттар тийиштүү экспертизага жиберилди. Азыркы учурда УКМК бул ишке тийешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жатат.