1-апрелден тартып киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун бириктирилген жаңы формасы ишке кирет. Анда милдеттүү түрдө тамеки жана алкоголдук продукциялар санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланат. Бул тууралуу атайын жыйын өтүп, анда Салык кызматынын жетекчилиги, бизнес-ассоциациялар, ишкерлер, ошондой эле Экономика жана финансы министрлигинин, Социалдык фонддун, Статистикалык комитеттин өкүлдөрү ишкерлерге электрондук тейлөө жолдорун түшүндүрдү.
Жолугушууда бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдө жана отчет берүүдө туш болгон көйгөйлөр жөнүндө айтып берди.
Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы 32,4 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. 2020-жылы 33,2 млрд сом чогулса, быйыл 38,2 млрд сом чогултуу пландалууда. Эми салык төлөөчү салык органдарына жана Улуттук статистика комитетине берилүүчү отчеттун беш түрүнүн ордуна бир эле мамлекеттик органга - Салык кызматына бир гана отчет берет.