Жаңылыктар
Бишкекте музыкалык-педагогикалык колледжде тегерек стол өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте музыкалык-педагогикалык колледжде тегерек стол өттү

“Билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы - келечектин ачкычы”. Дал ушундай аталыш менен Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжде тегерек стол өттү. Анда орто кесиптик окуу жай менен мектеп, бала бакчалардын ортосундагы байланыштар талкууга алынып, тараптардан сунуштар айтылды. 

Негизги максат - аталган окуу жайдын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматташуусу менен тажрыйба алмашуу, педагогикалык адистердин жетишсиздигин азайтуу. Тегерек столдун жыйынтыгы менен кызматташуу меморандумга кол коюлду. Бул аталган окуу жай менен райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн мындан аркы кызматташуусуна шарт түзөт. 

Келишимдин алкагында студенттерге мамлекеттик практика өтүүдө, кийин жумушка орношууда жеңилдик болот. Саамалыкка Чүй облусундагы жана Бишкек шаарынын райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери катышты.