Жаңылыктар
Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү. Ар аптанын ишемби, жекшемби күндөрү өтүп жаткан иш-чараны Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен бирге уюштуруп келатат. Жарманке борбор калаанын ар бир районунда өткөрүлүүдө. 

Өкмөт тиешелүү мекемелерге импорттук азыктарды өндүрүүчү ишканалардан түз сатып алып, элге ортомчусуз сатууну тапшырган. Бул баанын жогорулашына каршы көрүлгөн чара.