УКМКнын кызматкерлеринин арасында кызматтык жана аскердик тартипти чыңдоо маселелери боюнча офицерлердин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө УКМКнын бөлүмдөрүндө моралдык-психологиялык жагдай, кызматтык, аскердик жана аткаруучулук тартипти өркүндөтүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана аткезчиликке каршы күрөшүү иштерин күчөтүү зарыл экендиги белгиленди.
Мындан тышкары, УКМКнын кызматкерлерине ченемдик укуктук жана ведомстволук актылардын жана коомдо кабыл алынган моралдык-этикалык стандарттардын талаптарын системалуу түрдө изилдөө жана сактоо зарылдыгы жөнүндө көрсөтмө берилди.