Жаңылыктар
ДССУ коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпоого чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
ДССУ коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпоого чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баардык мамлекеттердин бийликтерин коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасын колдонуудан баш тартпоого чакырды.

Аталган уюмдун өкүлү Маргарет Харрис AstraZenecaны COVID-19 вирусуна каршы "мыкты вакцина” деп атады. Уюм препаратты колдонгондон кийин айрым бейтаптарда тромб пайда болот, деген маалымат биротоло бышыктала электигин кошумчалады. 

Эскерте кетсек, бир катар өлкөлөр AstraZeneca вакцинасы менен өз жарандарын эмдөөнү токтотоорун жарыялаган. Буга препарат менен эмделген айрым адамдардын тамырларында тромб пайда болгону тууралуу кабарлар себеп болгон. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келип түшкөн ар бир маалыматты иликтээрин билдирди.