Өткөн жылы чет элден келген инвестициялардын көлөмү, 2019-жылга салыштырмалуу 55,6%га кыскарып, 477 миллион доллардын тегерегин түздү. Мындай маалыматты улуттук статистика комитети таратты. КМШ өлкөлөрүнөн сырткары мамлекеттерде түз инвестициялардын көлөмү 2,3 эсе азайган.
Швейцарияда 2,6, Түркияда 4,1, Нидерландыда 26%га кыскарган. Инвестициялардын кескин кыскарышы Канадада 32,5%, Кытай 24,5%, Нидерланды 9,5%, Швейцария 8,4%, Улуу Британияда 4,3 %га кыскарган.