Жаңылыктар
Кыргызстан Сох анклавына жол ачат, Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр - Байтерек
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Сох анклавына жол ачат, Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр - Байтерек

Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады. 

Анын айтымында, Кыргызстан өлкө аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачат жана Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай алат. Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин үч ай аралыгында чечүүнү макулдашылды. 

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. 2016-жылы бул аймак боюнча талаш жаралган.