Жаңылыктар
Марипов: ишканаларды ачуу, жумуш ордун түзүү
Кыргызстан жаңылыктары
Марипов: ишканаларды ачуу, жумуш ордун түзүү

Чакан, бирок кыйла заманбап жана модернизацияланган ишканаларды ачып жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо зарыл. Бул тууралуу Премьер-министр Улукбек Марипов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Кара-Жыгач айылында бадыраң, помидор, болгар калемпири, лимон өстүрүлгөн күнөсканага барганда билдирди. Ал азыркы тапта Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан фермерлерди колдоо боюнча иштерди активдештирүү пландалып жатканын белгиледи. 

Ошондой эле, өкмөт башчы Сузак районундагы бир нече айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен, жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштеткен ишкананын иши менен таанышып чыкты. Ишкана ширелерди, консерваланган кыям жана кургатылган жемиштерди өндүрөт. Сатуу көлөмү продукцияны ички жана экспорттук рынокторго, анын ичинде Германия, АКШ жана Түркияга чыгарууга шарт түзөт. 

Ишканада туруктуу негизде 32 адам иштейт, ал эми сезондо кошумча 50гө жакын адам тартылат. Улукбек Марипов чыгарылган продукциянын жогорку сапатын, ишкананын жакшы иштеп жатканын жана анын экономиканын өсүшүнө тийгизген узак мөөнөттүү оңдуу таасирин белгиледи. Мындан кийин өкмөт башчы жазгы жана күзгү дан эгиндери, пахта жана башка өсүмдүктөрдүн үрөн чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Премьер-министр дыйкандар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу сурап, өкмөттүн ата мекендик айыл чарбаны колдоо жана өнүктүрүү боюнча негизги багыттары тууралуу айтып берди.