Эң маанилүүсү - муктаж балдардын саламаттыгына кам көрүү керек. Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы психо-неврологиялык жатак үйүн көрдү. Ал мамлекеттин кароосундагы балдарга көрсөтүп жаткан камкордугу үчүн кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, жакынкы мезгилде дарыгерлердин, анын ичинде педагог жана социалдык кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлөөрүн айтты.
Ошондой эле, өкмөттүн атынан жатак үйдө тарбияланган балдарга кам көрүү каражаттарын сатып алуу үчүн 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Андан соң, өкмөт башчы Жалал-Абад шаарындагы №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун абалы менен таанышты.
Имарат жүз жыл мурда салынып, авариялык абалда болгондуктан, учурда иштеп жаткан бейтапкананын аймагында жаңы имаратты куруу маселесин карап чыгууну, ошондой эле шаардыктар үчүн ыңгайлуу башка жерге салуу мүмкүндүгүн кароону тапшырды. Мындан тышкары, ал шаардагы калкты тейлөөчү жалгыз борборго барды.
Объекттин абалы менен таанышкан соң Премьер-министр мурда завод жайгашкан Жалал-Абад мэриясы тарабынан сунушталып жаткан имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүүнү милдеттендирди. Ошондой эле, авариялык абалда турган М.Бабкин атындагы мектеп-гимназия тууралуу маалымат алды. Премьер-министр бул окуу жайдын аймагында жаңы корпус куруу үчүн кошумча каражаттарды издөөнү карап чыгуу тапшырмасын берди.