Жыл өткөн сайын эки өлкө бири-бири менен айыл-чарба азыктарын сатууда соода алмашуунун көлөмү артты. Өлкө башчысынын Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну аткаруу боюнча клишимге кол коюлду. Эми тараптар жер-жемиштерди кенен алып-сатып, жер семирткичтерди жеткиликтүү баада алып, кыргыз-өзбек мамилелерин бекемдөөгө шарт түзүлдү.