УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара аркылуу контрабандалык жол менен ташылган жүктөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Баткен областынын аймактар аркылуу товарларды мыйзамсыз ташуу жолдоруна тиешелүү улантылып жаткан иш-чаралар, өлкө жарандарынын - чек ара конуштарынын тургундарынын массалык нааразычылыгын жаратууда.
Белгилей кетсек, тынымсыз өтүп жаткан аткезчиликке нааразы болгон тургундар, мамлекеттик органдарга нааразычылыгын билдирип "аракетсиздикке" айыптап, тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылышууда.
2021-жылдын 11-мартында Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампаны тинтүү жүргүзүү учурунда, кампанын ээси Маширап Абдусаламов жетектеген 20га жакын адамдан турган жарандар, контрабандалык жүктү кармоого жол бербөө үчүн, УКМК мыйзамдуу иш аракеттерине каршы ок атуучу куралды колдонуп, физикалык каршылык көрсөтүшкөн.
Ошентип, кылмыштын процесстик документтерин алдын алуу максатында, аткезчилер тобу менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда массалык кагылышуу болгон. Мамлекеттик каттоо номерлери жок, оор жүк ташуучу алты унаанын экөө чек арадан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Салгылашуунун жыйынтыгында УКМКнын эки кызматкери денесине жеңил жаракат алышкан.
Учурда окуянын катышуучулары кармалып, бул иш боюнча ИИБ ыкчам-тергөө тобу биргеликте иштеп жатат. Бул факт боюнча УКМК кылмыштын бардык жагдайларын жана катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.
УКМК органдары аткезчиликти токтотууга, экономикалык коопсуздукту жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого багытында, укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылуудагы, чек ара конуштарынын тургундарын мындай кылмыштар үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экендигин эске салышат.