Жаңылыктар
Алдыдагы дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыдагы дем алыш күндөрү Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт

13-14-март күндөрү Бишкекте кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Жарманке борбордун бир катар жерлеринде уюштурулат. Даректери: 

- Биринчи май райондук администрациясы, Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

- Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайону, А.Токомбаев көчөсүндө; 

- Свердлов райондук администрациясы, Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде. 

Жарманкеде шаар тургундары уй этин - 405 сомдон, жылкы этин - 390 сомго чейин, кой этин - 400 сомдон, тоок этин - 200 сом, өсүмдүк майын - 132 сомдон, кум шекер - 56 сом, күрүч - 55-60 сомдун тегерегинде, алманын бир килограммын - 30-50 сом, сабиздин килограммын - 10-15 сомдон ала алышат.